Йылдыз Израилге курал берүүнүн токтотулушун талап кылган демилге көтөрүшкөндөрүн жарыялады

Түркиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү, элчи Ахмет Йылдыз БУУнун Коопсуздук Кеңешинин (БУУ) ачык жыйынында Газа жана басып алынган Палестина жерлериндеги абалга токтолду.

2204345
Йылдыз Израилге курал берүүнүн токтотулушун талап кылган демилге көтөрүшкөндөрүн жарыялады

Түркиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү, элчи Ахмет Йылдыз, канкор Израилге курал берүүнүн токтотулушун талап кылып, бир топ өлкө менен биргеликте «Орток кат» демилгесин көтөрүшкөндөрүн жарыялады.

Йылдыз БУУнун Коопсуздук Кеңешинин (БУУ) ачык жыйынында Газа жана басып алынган Палестина жерлериндеги абалга токтолду.

Газада бардык чек аралардан өткөнүн жана канкор Израилдин болуп көрбөгөндөй согуш кылмыштарын жасаганын белгилеген Йылдыз, бул өлкөнүн аймакты бүтүндөй согуштун босогосуна алып келгенин айтты.

Йылдыз, бардык бул кризистер уланып жатканда, Израилдин БУУнун Палестиналык качкындарга жардам жана иш жүргүзүү агенттигине (UNRWA) карай атайылап физикалык, операциялык жана саясий кол салуусунун уланып жатканын белгиледи.

Израилдин Газадан кийин Ливан, Сирия жана Иран менен чыңалуусун арттырганына көңүл бурган Йылдыз : «Биз БУУнун Коопсуздук Кеңешинин колундагы бардык куралдарды колдонуп ок атышпоо, эч кандай тоскоолдуксуз гуманитардык жардам жеткирүү жана эл аралык мыйзамдарга ылайык келүүсүн тез арада камсыз кылышын каалайбыз»,-деди.

Йылдыз мүчө өлкөлөрдөн жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинен кооптуу тенденцияны кечиктирбестен токтотуу үчүн керектүү кадамдарды таштоосун өтүндү.

«Ушул алкакта Түркия кээ бир негизги өлкөлөр менен бирге Израилге курал-жарак жөнөтүүнү токтотууну талап кылган «Орток кат» даярдады»,-деп айткан элчи Йылдыз, бул контекстте Израилге курал-жарак, ок-дары жана тийиштүү жабдууларды  жөнөтүүнү токтотуу үчүн жамааттык чакырык жасагандарын айтты.

«Биз бардык мамлекеттерден принциптүү позицияны карманып тарыхтын туура тарабында туруусун жана бул коллективдүү демилгени колдоосун талап кылабыз»,-деп билдирүү жасаган элчи Йылдыз кан төгүүнү токтотуу керектигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар