Алтун: «Палестина чындыгынын үнү болууну жана бул үндү дүйнөгө угузууну улантабыз»
Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун борбор шаар Анкарада Израилдин жалгандары (The Lies of Israel) платформасынын таанытуу программасында сөз сүйлөдү.
Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун Палестина чындыгынын үнү болууну жана бул үндү угузууну уланта тургандарын баса белгиледи.
Фахреттин Алтун борбор шаар Анкарада Израилдин жалгандары (The Lies of Israel) платформасынын таанытуу программасында сөз сүйлөдү.
Израилдин Газадагы геноцид, зулум жана мыкаачылыкты бүткүл Жакынкы Чыгыш аймагына жайылтууга аракет кылганына көңүл бурган Алтун, чындыкты ачыкка чыгарууну эң маанилүү милдет катары көргөндөрүн айтты.
«Биз Израиль жана анын колдоочуларын чындык менен бетке чабууну, Палестина чындыгынын үнү болууну жана бул үндү бүткүл дүйнөгө уктурууну улантабыз»,-деп айткан Фахреттин Алтун : «Түркия Израилдин Газада кылган геноцидине каршы ар тармакта эң катаал реакцияны көрсөтүүдө жана колундагы бардык куралдар менен геноцидди токтотуу үчүн катуу аракет кылууда. Биз Коммуникация башкармалыгы катары өлкөбүздүн бул мамилесинин ар бир этабында, ар бир тармагында, ар бир кадамында милдетибизди аткарып жатабыз»,-деди.
Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун Израил лоббисинин эл аралык аренада кадимки жана жаңы медиа каражаттарына болгон үстөмдүгүн акырындык менен жок кылуу үчүн аракет кылып жаткандарын белгиледи.
Алтун Израилдин жалгандары платформасынын көп өлчөмдүү маалымат базасы болгондуктан маанилүү эл аралык булак экенин да айтты.
Тектеш кабарлар
Президент Эрдоган партиясынын Эрзурумдагы облустук конгрессинде сөз сүйлөдү
Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын аймактын негизги өлкөсү катары өзгөчөлөнгөндүгүн айтты.