Бүгүн 29 - октябрь Республика майрамы
29 - октябрь Республика майрамын эки негизги борбору борбор шаар Анкара менен Стамбул болот.
Түркия Республикасынын түптөлүшүнүн 101 - жылы жалпы өлкөдө атайын иш - чаралар менен белгиленүүдө.
29 - октябрь Республика майрамынын эки негизги борбору борбор шаар Анкара менен Стамбул болот.
Жаш, кары дебестен Республиканы сүйгөндөр уюштурулган иш - чаралар менен майрамдап жатышат.
Республиканын жарыяланышынын 101 - жылында президент Режеп Таййип Эрдоганды Анкарада иш - чаралар күтүүдө.
Президент Эрдоган эрте мененки сааттарда мамлекеттик кызматкерлер менен Түркия Республикасынын түптөөчүсү, улуу жол башчы Мустафа Кемал Ататүрктүн сөөгү коюлган Аныткабырга барат.
Андан кийин президенттик комплексте 29 - октябрь Республика майрамына карата куттуктоолорду кабыл алат.
Президент Эрдоган Түрк авиациялык жана космостук өнөр жайы акционредик коому ТУСАШта Гөкбей тик учагын тапшыруу аземине да катышат.
Эрдоган кечки сааттарда президенттик комплексте 29 - октябрь атайын программасына чакырылган коноктор менен жолугушат.
Тектеш кабарлар
Түркия Түштүк Кипр Рум башкаруучулугунун куралдануусуна каршылык көрсөттү
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндө маалымат берди.