Фидан 30-октябрда Улуу Британияга барат

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, бул сапар Фидандын Улуу Британияга эки тараптуу деңгээлдеги алгачкы расмий сапары болот.

2203871
Фидан 30-октябрда Улуу Британияга барат

Тышкы иштер министри Хакан Фидан 30-октябрда Улуу Британияга барат.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, бул сапар Фидандын Улуу Британияга эки тараптуу деңгээлдеги алгачкы расмий сапары болот.

Министр Фидан сапардын алкагында Англиянын тышкы иштер министри Дэвид Ламми менен жолугушуп, борбор шаар Лондондо жолугушууларды өткөрөт.

Фидандын кесиптеши Ламми менен болгон жолугушуусунда эки тараптуу кызматташтыктын бардык тармактарда өнүгүп жатканынан канааттануусун билдирүүсү жана Түркиянын учурдагы Эркин соода келишиминин чөйрөсүн кеңейтүү үчүн сүйлөшүүлөрдү баштоого даяр экенин баса белгилеши күтүлүүдө.

Мындан тышкары жолугушууда энергетика жана транспорт сыяктуу жаңы кызматташтык темалары каралып, эки союздаш өлкөнүн коргонуу өнөр жайы тармагында жасай ала турган кадамдары талкууланат.

Террор менен күрөшүүдө кызматташтыктын мааниси баса белгиленет жана Газадагы гуманитардык кризистин оордугуна жана гуманитардык жардам жеткирүүдөгү кыйынчылыктарга көңүл бурулуп, Түркиянын өз аймагында согуш болушун каалабаганы тууралуу билдирүү кайталанаары баса белгиленди.

Жыйында эл аралык мыйзамдарды тоготпогон Израилдин Бириккен Улуттар Уюмуна жана анын мекемелерин тикелей бутага ала баштаганына байланыштуу тынчсыздануу да бөлүшүлүп,Израилдин Палестина жана Ливандан кийин Иранга кол салуулары менен согушту бүт аймакка жайылтуу максатына каршы бардык тараптардын сабырдуулук менен кыймылдашы керек экени баса белгиленет.

Ошондой эле жолугушууда аймакта туруктуу ок атышпоонун камсыздалышы боюнча демилгелер жана эки мамлекеттүү чечим көз карашы боюнча пикир алмашуусу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар