TУСАШ шейиттеринин каны жерде калган жок
Түрк куралдуу күчтөрү (ТСК) менен Улуттук чалгындоо уюмунун (MİT) координацияланган иштери менен Сирия жана Ирактын түндүгүндө террордук уюм ПКК/ЙПГга таандык имараттар, курал-жарак жана ок-дары кампалары аткыланууда.
Анкаранын Кахраманказандагы Түрк авиация жана космостук өнөр жай акционердик коомунун (TУСАШ) кампусуна чыккынчылык террордук кол салуудан кийин террористтер качуу үчүн жер издеп жатышат.
Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) менен Улуттук чалгындоо уюмунун (MİT) координацияланган иштери менен Сирия жана Ирактын түндүгүндө террордук уюм ПКК/ЙПГга таандык имараттар, курал-жарак жана ок-дары кампалары аткыланууда.
ТУСАШка болгон чыккынчылык террордук кол салуудан кийин 23-октябрда Түрк куралдуу күчтөрү Ирак менен Сириянын түндүгүндөгү террордук буталарга абадан операция баштады.
Ирак менен Сириянын түндүгүндө 2си жогорку деңгээлдеги 59 террорист жок кылынды.
5 жаран шейит болгон чыккынчы террордук кол салуудан кийин 24-октябрда Ирактын түндүгүндөгү террордук орго кайрадан сокку урулду.
Хакурк, Гара, Кандил жана Синжарда ПККнын 30 террористи жок кылынды.
25-октябрда Ирактын түндүгүндө 7 ПКК, Сириянын түндүгүндө 11 ПКК/ЙПГ террористи жок кылынды.
26-октябрда Сириянын түндүгүндө 17 ПКК/ЙПГ террористи жок кылынды.
Түрк куралдуу күчтөрү 27-октябрда Сириянын түндүгүндө ПКК/ЙПГнын 15 террористин жок кылды.
Ата мекендик жана улуттук ок-дарылар басымдуулук кылган террордук операцияларга ТУСАШ тарабынан чыгарылган АНКА куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар катышты.
Тектеш кабарлар
Улуттук коргоо министрлиги жумалык маалымат жыйынын өткөрдү
УКМ: "Аймакта туруктуулукту сактоо үчүн аскерлерибиз тарабынан бардык зарыл чаралар көрүлүүдө"
Түркия 2023-жылы TIMSS рейтингин жогорулатты
Түркия 1999-жылдан бери катышкан TIMSS изилдөөсүнүн 2023-жылдагы жыйынтыгы жарыяланды.