SAHA EXPO жарманкесин 100 миңден ашуун адам кыдырды

SAHA EXPO 22-26-октябрь күндөрү Стамбул ЭКСПО борборунда өттү.

2203434
SAHA EXPO жарманкесин 100 миңден ашуун адам кыдырды

Түркиянын жана Европанын эң чоң өнөр жай кластери болгон SAHA EXPO Эл аралык коргонуу, аэрокосмостук өнөр жай жарманкесин 100 миңден ашуун адам кыдырды.

SAHA EXPO 22-26-октябрь күндөрү Стамбул ЭКСПО борборунда өттү.

Быйыл 90 миң чарчы метр аянтка жайылган жарманкеге 120 өлкөдөн 1478 фирма катышты. Чет өлкөлөрдөн расмий жана соода делегацияларын кабыл алган жарманкеде ата мекендик жана улуттук технологиялар дүйнөгө ачылып, 25 миң жекеме-жеке жолугушуу өткөрүлдү.

Жарманкеде 6 миллиард 189 миллион долларлык 133 келишимге кол коюлду.

Келечекти калыптандыруучу технологиялар көрсөтүлгөн жарманкеде көптөгөн жергиликтүү жана чет элдик фирма, мекеме жана уюм эң акыркы жана жаңы өнүмдөрүн көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Жарманкенин алкагында ата мекендик жана улуттук ресурстар менен өндүрүлгөн көптөгөн өнүмдөр көргөзмөгө коюлуп, 300дөн ашуун өнүмдү таанытуу иш-чаралары өткөрүлдү.

Америка Кошмо Штаттарынан (АКШ) Австралияга, Түштүк Тынч океандан Европа менен Африкага чейин көптөгөн ар түрдүү географиялардан, анын ичинде дүйнөнүн алдыңкы компаниялары да катышты.



Тектеш кабарлар