Министр Кажыр Стамбулда ТМУга мүчө өлкөлөрдүн экономика министрлери менен жолукту
Жыйында биргелешкен илимий-изилдөө долбоорлору, жасалма интеллектти өнүктүрүү жана санариптик трансформация программалары сыяктуу маселелер боюнча 12 жумушчу топ түзүлдү.
Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр Стамбулда Түрк Мамлекеттер Уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн экономика министрлери менен жолукту.
Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр, Азербайжандын экономика министри Микайыл Жаббаров, Кыргызстандын экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын экономика жана энергетика министри Олгун Амжаоглу, Түрк мамлекеттер уюмунун (TDT) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолугушту.
Жыйында биргелешкен илимий-изилдөө долбоорлору, жасалма интеллектти өнүктүрүү жана санариптик трансформация программалары сыяктуу маселелер боюнча 12 жумушчу топ түзүлдү.
Кажыр Түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү жана конкреттүү долбоорлорду тез арада ишке ашыруу үчүн күчтүү максаттарды койгондорун баса белгиледи.
Ал министрлердин декларациясы жана аракеттер планы мүчөлөрдүн ортосундагы туруктуу кызматташтыктын негизин түзөрүн билдирди.
Министр Кажыр бул кадамдардын түрк мамлекеттеринин тилектештигин арттырып, орток максаттарга жетүү үчүн маанилүү башталыш болоорун баса белгиледи.