Мехмет Фатих Кажыр ТМУнун жыйынынан кийин билдирүү жасады

Кажыр ТМУ өлкөлөрүнүн арасында  негизги түрк тили моделинин өнүгүшүнө байланыштуу меморандумга кол коюлганын айтты.

2203272
Мехмет Фатих Кажыр ТМУнун  жыйынынан кийин билдирүү жасады

Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр Түрк Мамлекеттер Уюмуна мүчө мамлекеттердин  арасында негизги түрк тили моделинин өнүктүрүлүшүнө чоң кадам катары баа берди.

Министр Кажыр Стамбулда өткөрүлгөн Түрк Мамлекеттер Уюмунун (TМУ) өнөр жай, илим, технология жана инновация министрлеринин 1-жыйынынан кийин билдирүү жасады.

Кажыр ТМУ өлкөлөрүнүн арасында  негизги түрк тили моделинин өнүгүшүнө байланыштуу меморандумга кол коюлганын айтты.

Министр Кажыр : «Бардык мүчө өлкөлөрүбүз үчүн  негизги түрк  тил моделинин өнүгүшүнө байланыштуу түшүнүшүү меморандумуна кол коюу жана ишке ашыруу абдан маанилүү кадам болот»,-деди. 

Министр Кажыр : «Урматтуу делегация башчылары, изилдөө жана өнүктүрүүдөн өнөр жай кызматташтыгына, жасалма интеллекттен санариптик трансформацияга жана космостук технологиялардан инновациялык экосистеманы бекемдөөгө чейинки кызматташтыктын келечегин аныктай турган маанилүү тармактарды талкууладык. Бул тармактарда таштай турган кадамдарда бизге жол көрсөтө турган  планды кабыл алабыз.",- деди.



Тектеш кабарлар