Каржы министри Мехмет Шимшек Вашингтондо АКШнын казына министри Йеллен менен жолугушту
Жолугушууда эки тараптуу соода карым - катнаштары жана дүйнөлүк экономика талкууланды.
Казына жана каржы министри Мехмет Шимшек Америка Кошмо Штаттарындагы жолугушууларын улантууда.
Министр Шимшек Вашингтондо АКШнын казына министри Йеллен менен жолугушту.
Жолугушууда эки тараптуу соода карым - катнаштары жана дүйнөлүк экономика талкууланды.
АКШнын Каржы министрлигинин билдирүүсүндө: «Министр Йеллен Түркиянын экономикасынын олуттуу жакшырышына алып келген жана инфляциянын төмөндөө жолуна түшүшүнө жардам берген күчтүү экономикалык саясаттарга берилгендигин мактады",- деп айтылды.
Эл аралык Валюта Фонду жана Дүйнөлүк банктын күзгү жыйындарынын алкагында Вашингтондо жолугушууларды өткөргөн министр Шимшек сессияларга жана эки тараптуу жолугушууларга катышты.
Министр Шимшек Брукингс институтунда Түркиянын экономикалык көз карашы тууралуу баяндама жасады.
Түркиянын инвестициядагы артыкчылыктарына токтолгон Шимшек өлкөнүн 90 миллионго жакын калкы жана киши башына 15 миң доллар кирешеси менен чоң экономика экенине көңүлдөрдү бурду.
Өлкөнүн күчтүү жана квалификациялуу эмгек рыногуна ээ экенин баса белгилеген Шимшек, жыл сайын университет жана кесиптик окуу жайлардан 1 миллиондон ашуун квалификациялуу жумушчу күчүнүн бүтүрүп чыккандыгын баса белгиледи.
Түркиянын Европа Биримдиги үчүн жүк эмес, бир байлык экенин далилдегенин белгилеген Шимшек : «Эгер чындыгында тереңирээк интеграцияны каалашса Түркияга муктаж, бирок өз саясаттары буга тоскоол болууда»,-деди.