Түркиянын террор менен күрөшүүсү уланууда
Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда TUSAŞтын Кахраманказан районундагы кампусуна жасалган террордук кол салуудан кийин МИТ Сирия жана Ирактын түндүгүндө террорго каршы операцияларды жүргүздү.
Улуттук чалгындоо уюму (MİT) Сирия жана Ирактын түндүгүндөгү жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын буталарын жок кылды.
Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда Түрк авиация жана космостук өнөр жай акционердик коомунун (TUSAŞ) Кахраманказан районундагы кампусуна жасалган террордук кол салуудан кийин МИТ Сирия жана Ирактын түндүгүндө жикчил террордук уюмга каршы операцияларды жүргүздү.
Операциялар учурунда уюмдун энергетика-инфраструктура имараты, логистика жана ок-дары кампасы сыяктуу көптөгөн стратегиялык пункттар бутага алынды.
МИТтин жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга каршы операцияларын максатка жеткенге чейин уланта турганы баса белгиленди.
Бир тараптан Улуттук Коргоо министрлиги (УКМ) Ирак жана Сириянын түндүгүндө абадан жүргүзүлгөн операциясында 32 террорист бутасынын жок кылынгандыгын жана көп сандаган террористтин таасирсиз кылынганын жарыялады.
Министрликтин билдирүүсүндө, ПКК/КЖК жана башка террордук элементтерди таасирсиз кылуу менен коомчулукка жана коопсуздук күчтөрүнө карата жасалган террордук кол салууларды жок кылуу жана чек ара коопсуздугун камсыз кылуу максатында Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын 51-беренесинен келип чыккан өзүн-өзү коргоо укугуна ылайык, Ирак менен Сириянын түндүгүндөгү террордук буталарга 23-октябрда абадан операция жүргүзүлгөнү айтылды.
Билдирүүдө террористтерге таандык 32 бутанын ийгиликтүү жок кылынганы жана абадан операциялардын чечкиндүү уланганы белгиленди.
Билдирүүдө жүргүзүлгөн операцияларда ата мекендик жана улуттук ок-дарылардын максималдуу колдонулушу менен көп сандаган террористтин таасирсиз кылынганы баса белгиленип:« «Асыл улутубуздун жүрөгүнөн чыккан Түрк куралдуу күчтөрү, мурдагыдай бүгүн да өлкөбүздүн жана улутубуздун жашашы жана коопсуздугу үчүн террорго каршы күрөштү акыркы террорист жок кылынганга чейин чечкиндүүлүк жана берилгендик менен улантат. Бул операцияларда бейкүнөө жарандарга, достук элементтерге, тарыхый жана маданий байлыктарга жана айлана-чөйрөгө зыян келтирбөө үчүн бардык чаралар көрүлдү»,делди.