Эрдоган-Путин жолугушуусу

БРИКС саммити өткөн Татарстандын борбор шаары Казанда Казан ЭКСПОдогу жолугушуу болжол менен 1 саатка созулду.

2202315
Эрдоган-Путин жолугушуусу

Президент Режеп Таййип Эрдоган, БРИКС саммитиндеги жолугушууларынын алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту.

БРИКС саммити өткөн Татарстандын борбор шаары Казанда Казан ЭКСПОдогу жолугушуу болжол менен 1 саатка созулду.

Жолугушуунун басма сөзгө ачык бөлүгүндө президент Эрдоган Владимир Путинге чакыруусу жана БРИКС саммитинин кеңейтилген лидерлер сессиясын өткөргөнү үчүн ыраазычылык билдирип, аны менен кайрадан жолугушкандыгы үчүн кубанычта экенин билдирди.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун 3+3 Аймактык Кызматташтык Платформасынан улам жума күнү Стамбулда болгонун эске салган Эрдоган: «Эми мен сизди, кымбаттуу досум, Түркияда тезирээк көргүм келет»,-деди.

Эрдоган эки өлкөнүн ортосундагы банк төлөмдөрүндөгү көйгөйлөрдү чечүү үчүн аракеттердин уланып жатканын айтып: «Биздин казына жана каржы министрликтери менен борбордук банктар бул маселе боюнча механизм түзүү максатында байланышта. Соода министрликтеринин ортосунда да институттар аралык изилдөө башталды»,- деди.

Путин өз сөзүндө Орусия-Түркия карым-катнаштарынын көп жылдык өнөктөштүк жана түрдүү тармактардагы кызматташтык тажрыйбасына негизделген жакшы коңшулук жана конструктивдүү мүнөзгө ээ экенин белгилеп: «Биз сиз менен эки тараптуу жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча үзгүлтүксүз диалогду жүргүзүп турабыз. Мен бул дайыма пайдалуу байланыштарды жогору баалайм»,-деди.

Путин:«Биздин эки тараптуу мамилелерибизде салттуу түрдө туризм тармагы өзгөчө орунду ээлейт. 2023-жылы Түркияга 6,3 миллион орус жараны келип, мурунку жылга караганда 20,7 пайызга рекорддук өсүшкө ээ болду. Үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында Түркияга 4,6 пайызга өсүү менен 4,5 миллиондон ашуун киши келген. Бул көрсөткүчтөр боюнча Орусия Түркияда(туристтердин саны боюнча)  биринчи орунда турат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар