Эрдоган БРИКС саммитинде сөз сүйлөдү
Президент Режеп Таййип Эрдоган Орусиянын филиалы болгон Татарстан Республикасында өткөрүлгөн БРИКС саммитинде сөз сүйлөдү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган : «Кечээ Анкарада болгон кыянаттык террордук кыймыл үчүн көңүл айткан досторубузга тилектештиктери үчүн ыраазычылык билдирем»,-деди.
Президент Эрдоган Орусиянын филиалы болгон Татарстан Республикасында өткөрүлгөн БРИКС саммитинде сөз сүйлөдү.
Борбор шаар Анкарада кечээ болгон жана 5 киши шейит болгон террордук кол салууга токтолгон Эрдоган: «Бул жийиркеничтүү кол салуу Түркиянын террорду жок кылуу боюнча берилгендигин жана чечкиндүүлүгүн дагы да бекемдеди»,-деди. Ал көңүл айтып, тилектештик көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирди.
Эрдоган сөзүндө Израилдин Жакынкы Чыгышта уланып жаткан агрессиясына да токтолуп: «Кан төгүү токтотулмайынча, келечек үчүн адилеттүүлүк, тынчтык жана өнүгүү жөнүндө сөз болбойт. Глобалдык адилеттүү тартип жана өнүгүү биздин чек аралардан тышкары тынчтыкты жана коопсуздукту орнотуу менен гана мүмкүн болот»,-деди.
Президент Бириккен Улуттар Уюмунда (БУУ) Израилге курал сатууну токтотуу демилгесин көтөрүшкөндөрүн эске салып, БРИКСке мүчө өлкөлөрдү бул багытта колдоо көрсөтүүгө чакырды.
Президент Эрдоган саммиттин алкагында эки тараптуу жолугушууларын улантты.
Конго Республикасынын президенти Денис Сассу Нгуессо жана Вьетнамдын премьер-министри Фам Мин Чинх менен өз-өзүнчө жолугушкан Эрдоган жолугушууларын аяктап, Татарстандан кайтып кетти.