Президент Режеп Таййип Эрдоган бүгүн  БРИКС лидерлеринин 16 -   саммитине катышат

10 мүчөгө жеткен БРИКС өлкөлөрүнүн калкы болжол менен 3,5 миллиардды түзүүдө.

2201807
Президент Режеп Таййип Эрдоган бүгүн  БРИКС лидерлеринин 16 -   саммитине катышат

Эрдоган Татарстандын борбор шаары Казанда өтө турган саммиттин негизинде катышуучу өлкөлөрдүн лидерлери менен да жолугушууларды өткөрөт.

22 - 24 - октябрда боло турган БРИКСтин лидерлер саммитинде каржы, технология жана азык-түлүк соодасы менен Биримдиктин кеңейиши сыяктуу темалар күн тартибинде болот.

Түркиянын кызыгуусу барган сайын артып жаткан уюм 2010 - жылы негизделген.

Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка тарабынан негизделген БРИКС көп жылдар ичинде кеңейди. Египет, Эфиопия, Иран, Сауд Аравия жана Бириккен Араб Эмирликтери да мүчө өлкөлөрдүн арасында

10 мүчөгө жеткен БРИКС өлкөлөрүнүн калкы болжол менен 3,5 миллиардды түзөт. Бул дүйнө калкынын 45 пайызына туура келет.

БРИКС өлкөлөрү дүйнөлүк экономиканын болжол менен 25 пайызын түзүүдө. БРИКС өлкөлөрү дүйнөдөгү чийки мунайдын 44 пайызын өндүрүүдө.

Бул өзгөчөлүктөрү менен БРИКС батыш державалары түзгөн “Чоң жетиликтин” геосаясий атаандашы болуп саналууда. Көп уюлдуу тартипке өтүүдө өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү билдирет.



Тектеш кабарлар