Эрдоган Италиянын премьер-министри менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын социалдык медиа эсебинен берилген маалыматка караганда телефондогу сүйлөшүүдө Түркия менен Италиянын карым-катнаштары, Израилдин аймактагы кол салуулары, аймактык жана глобалдык маселелер каралды.

2201782
Эрдоган Италиянын премьер-министри менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Италиянын премьер-министри Жоржия Мелони менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын социалдык медиа эсебинен берилген маалыматка караганда телефондогу сүйлөшүүдө Түркия менен Италиянын карым-катнаштары, Израилдин аймактагы кол салуулары, аймактык жана глобалдык маселелер каралды.

Телефондогу сүйлөшүүдө президент Эрдоган Түркия-Италия карым-катнаштарынын күндөн-күнгө илгерилеп баратканын белгилеп, коргонуу өнөр жайы баш болгон көптөгөн тармакта таштала турган чечкиндүү кадамдар менен эки тараптуу соода көлөмүн арттырууга болоорун айтты.

Президент Эрдоган, Израилдин бардык эскертүүлөргө көңүл бурбай, Жакынкы Чыгышта оттун айланасын кеңейткенин, Израилдин баскынчылыгын токтотуу үчүн эл аралык коомчулуктун биргелешип аракет кылышынын маанилүү экенин, Италиянын колдоосу Түркиянын Бириккен Улуттар Уюмунда (БУУ) Израилге курал сатууну токтотуу демилгесин күчтөндүрөрүн белгиледи.

Анда президент Эрдоган Израилдин Газа арасында болгон Палестина жерлерине, ошондой эле Ливанга жана БУУнун миссияларына кол салууларынын кабыл алынгыс экенин, Италиянын Израилдин баскынчылыгына каршы чыгуусун Түркиянын туура деп тапканын жана Түркиянын аймактагы тынчтык үчүн аракетин уланта турганын айтты.

Президент Эрдоган ошондой эле Италиянын премьер-министри Мелониге ЛГБТ  жактоочуларына каршы үй-бүлө баалуулуктарын баса белгилеген үй-бүлө түшүнүгүн колдогон мамилеси үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушууга байланыштуу Италиянын премьер-министрлиги тарабынан да жазуу түрүндөгү билдирүү жасалды.

Билдирүүдө: «Эки лидер эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштардын бекемдигин баса белгилеп, сооданын тынымсыз өсүп жаткан тенденциясын дагы да күчтөндүрүү үчүн иштерди улантуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти. Бул контекстте премьер-министр Мелони президент Эрдоганды 2025-жылдын биринчи жарымында Италия-Түркия өкмөттөр аралык саммитинин жаңы отурумун өткөрүү үчүн Италияга чакырды»,-деп айтылды.

Түркия менен Италиянын үчүнчү жана акыркы өкмөттөр аралык саммити 2022-жылдын 5-июлунда борбор шаар Анкарада президент Эрдогандын эгедерлигинде өткөрүлдү. Сөз болуп жаткан саммитте президент Эрдоган менен ошол убактагы Италиянын премьер-министри Марио Драгинин катышуусунда эки өлкөнүн ортосунда 9 келишимге кол коюлган.

 



Тектеш кабарлар