Куртулмуш Израилге каршылык көрсөттү
Нуман Куртулмуш борбор шаар Анкарада Ангола парламентинин спикери Каролина Серкейра менен биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү.
Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш, Газада кыргындарын уланткан Израилдин таш боор башкаруучуларынын сөзсүз соттолуп жазасын ала тургандарын айтты.
Нуман Куртулмуш борбор шаар Анкарада Ангола парламентинин спикери Каролина Серкейра менен биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү.
Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Израилдин Газадагы кыргындарына дагы бир жолу катуу реакция кылды.
Кээ бир өлкөлөрдүн, өзгөчө АКШ бийлигинин дагы деле бул таш боор жана канкор Израиль өкмөтүнө шартсыз колдоо көрсөтүүнү улантканына көңүл бурган Нуман Куртулмуш: «Израилдин бул ырайымсыз башкаруучулары сөзсүз эл аралык укук талап кылгандай согуш кылмышкерлери сотунда соттолуп жазасын алышат. Муну колдогон өлкөлөрдүн башкаруучулары да алардай эле тарыхтын чаңдуу текчелериндеги кыргындын уюштуруучулары катары тарыхта калышат»,- деди.
Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы эл аралык коомчулукка: «Бүткүл адамзат катары бирге туруп, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен анын бандасын жана бул зулумду токтотуубуз керек»,-деп айтты.
Тектеш кабарлар
Фидан Дохадагы маалымат жыйынында сөз сүйлөдү
Фидан: «Сирия эли өз өлкөсүнүн келечегин кайрадан түзөт»,-деди.