Эрдоган биримдик тууралуу билдирүү жарыялады

Президент Эрдоган Стамбулда Түркия металл өнөр жайчылар биримдигинин юбилейлик программасында сөз сүйлөдү.

2200401
Эрдоган биримдик тууралуу билдирүү жарыялады

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын биримдик ичинде бардык маселени жеңе аларын баса белгиледи. 

Президент Эрдоган Стамбулда Түркия металл өнөр жайчылар биримдигинин юбилейлик программасында сөз сүйлөдү.

Аймактагы кризистердин белгисиздик климатын тереңдеткенин баса белгилеген Эрдоган Түркиянын ырааттуулугуна басым жасады.

Президент Түркиянын айланасындагы от чамбарына карабастан өндүрүш мүмкүнчүлүктөрү, күчтүү инфраструктурасы, квалификациялуу адам ресурстары жана глобалдык интеграциясы менен атын чыгарганын айтты.

Кыйын күрөшүүлөрдүн натыйжасында түзүлгөн ишеним жана ырааттуулук чөйрөсүнүн бузулушуна эч качан  жол бербей тургандарын баса белгилеген Эрдоган, бул үчүн  биримдиктин маанилүү экенин баса белгиледи.

"Биздин бир гана максатыбыз бар. Ал да Түркия кылымын куруу. Мунун тышында эч бир көйгөйүбүз, тынчсыздануубуз жок",- деген президент : "Күн биримдикте болуу, бирдикте Түркия болуу күнү. Бул күн биздин түбөлүк бир туугандыгыбызды бекемдөө күнү», - деди.

 



Тектеш кабарлар