Хакан Фидан Эбу Гайтты кабыл алды
Хакан Фидан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш менен да телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
2199515
Тышкы иштер министри Хакан Фидан Араб лигасынын баш катчысы Ахмед Эбу Гайтты борбор шаар Анкарада кабыл алды.
Министрликтин X социалдык медиа баракчасындагы билдирүүгө караганда, Фидан борбор калаада Эбу Гайт менен жолугушту.
Хакан Фидан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш менен да телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
Ливан жана Украинадагы акыркы абалга баа берилген сүйлөшүүдө, Кипрге байланыштуу жагдайлар да каралды.
Министрликтин X социалдык медиа баракчасындагы дагы бир билдирүүсүндө, министр Фидандын борбор шаар Анкарада Венгриянын Улуттук Парламентинин төрагасы Ласло Кёвер менен жолугушканы маалымдалды.