Эрдоган Палестинанын келечеги конференциясында сөз сүйлөдү

Эрдоган Палестина мамлекети түзүлгөнгө чейин талыкпай күрөшүүнү уланта тургандарын айтты.

2199031
Эрдоган Палестинанын келечеги конференциясында сөз сүйлөдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркияга жакындап келе жаткан Израиль коркунучуна каршы бардык чараларды көргөндөрүн билдирди.

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрагасы да болгон президент Эрдоган борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн Палестинанын келечеги конференциясында сөз сүйлөдү.

Эрдоган Израилдин Газага каршы өткөн жылдын 7-октябрында баштаган жана учурда Ливанга жайылган геноциддик саясатынын, адамзаттын сионизмдин чыныгы жүзү менен таанышуусуна себеп болгонун айтты.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши баш болгон эл аралык уюмдардын Израилдин текеберчилиги алдында канчалык алсыз экенин көргөнүн белгилеген президент, Батыштын көптөгөн жылдар бою жактап келген эркиндик, демократия, мыйзам, сөз эркиндиги жана басма сөз эркиндиги сыяктуу баалуулуктарынын маанисин жоготконуна басым жасады.

Израилдин басып алуу, жок кылуу жана өлүм жазасына тартуу саясатынын 76 жылдан бери үзгүлтүксүз уланып келгенин билдирген Эрдоган: «Барган сайын агрессивдүү болуп бараткан Израиль токтотулмайынча бул экспансионизмдин кайда жайыларын алдын ала айта алабыз. Өлкөбүзгө жакындап келе жаткан коркунучту көрбөгөн айрым адамдар бар болсо да биз тобокелдикти байкап бардык чараларды көрүп жатабыз»,-деди.

Газанын Израилдин ырайымсыз кол салууларынын натыйжасында 2 миллион киши чогулган чоң концлагерге айланганын маалымдаган Эрдоган, эл аралык коомчулук менен Ислам дүйнөсүнүн кыш мезгилинен мурда Газага дагы көп гуманитардык жардам жеткирүү үчүн аракет кылышы керектигин баса белгиледи.

Түркиянын Газадагы кыргынга эң катуу реакция көрсөткөн жана Израилге каршы конкреттүү чараларды көргөн жалгыз мамлекет экенин кабарлаган президент Эрдоган, 1967-жылдагы чек араларга негизделген борбор шаары Чыгыш Кудс болгон көз карандысыз, эгемендүү жана географиялык жактан интеграцияланган Палестина мамлекети түзүлгөнгө чейин талыкпай күрөшүүнү уланта тургандарын айтты.



Тектеш кабарлар