Эрдоган Эл аралык жол федерациясынын 2024-жылдагы Дүйнөлүк конгрессине видео кайрылуу жолдоду

Видео кайрылуусунда Эрдоган, Түркия тарабынан уюштурулган Эл аралык жол федерациясынын Дүйнөлүк Конгрессинин өлкөсү жана катышуучу бардык мүчөлөр үчүн пайдалуу болушун каалады.

2198822
Эрдоган Эл аралык жол федерациясынын 2024-жылдагы Дүйнөлүк конгрессине видео кайрылуу жолдоду

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркияны транспорт жана инфраструктура тармагында ишенимдүү деңгээлге алып чыккандарын айтты. 

Президент Эрдоган Стамбулда өткөрүлгөн Эл аралык жол федерациясынын (IRF) 2024-жылдагы Дүйнөлүк конгрессине видео кайрылуу жолдоду.

Видео кайрылуусунда Эрдоган, Түркия тарабынан уюштурулган Эл аралык жол федерациясынын Дүйнөлүк Конгрессинин өлкөсү жана катышуучу бардык мүчөлөр үчүн пайдалуу болушун каалады.

1948-жылдан бери дүйнө жүзү боюнча жакшыраак, коопсуз жана туруктуу жол тармактарынын өнүгүшүн камсыз кылуу максатында иш жүргүзүп келе жаткан Эл аралык жол федерациясынын жыл сайын ийгиликтүү иштерине жаңыларын кошуп жатканын баса белгилеген Эрдоган, сектордун алдыңкы ысымдарынын мамлекеттик мекемелери жана жеке менчик уюмдардын башын бириктирген конгресстин быйыл да ийгиликтүү өтөөрүнө чын дилинен ишенгенин айтты.

«Жол дегенибиз транспорт дегенди, өнөр жай, өндүрүш, туризм, соода, коопсуздук, өнүгүү жана дүйнө менен биригүү дегенби билдирет» деген Эрдоган: «Биз да ушул түшүнүк менен чоң ийгиликтерди жаратып, өлкөбүздү транспорт жана инфраструктура тармагында ишенимдүү деңгээлге жеткирдик»,-деди.

Түркиянын бүгүнкү күндө 4000 километр узундуктагы автожол жана 30 миң километрге жакын бөлүнгөн жол тармагына ээ экенине көңүл бурган президент: «2053-жылга чейин бөлүнгөн жолдорубуздун узундугун 38.000 километр, автожол узундугун 8300 километрден ашырууну максат кылып жатабыз»,- деп билдирди.



Тектеш кабарлар