Түркия Ливандагы жарандарды эвакуациялады

TCG Sancaktar жана TCG Bayraktar аттуу эки түрк согуштук кемеси Ливандан түрк жарандарын мекенине алып келди.

2197429
Түркия Ливандагы жарандарды эвакуациялады
lubnan tahliye-operasyonu2.jpg
lubnan tahliye-operasyonu1.jpg
lubnan tahliye-operasyonu.jpg
lubnan tahliye operasyonu.jpg

Түркия деңиз аркылуу жүргүзгөн эң чоң эвакуация операциясын ийгиликтүү ишке ашырды.

Тышкы иштер министрлиги менен Улуттук коргоо министрлигинин координациясында TCG Sancaktar жана TCG Bayraktar аттуу эки түрк согуштук кемеси, геноцидчи Израилдин кол салууларына дуушар болгон Ливандан түрк жарандарын мекенине алып келди.  

Ливанга гуманитардык жардам жеткирип, борбор шаар Бейруттан Түркияга эки фрегат жана эки кайгуул кемесинин коштоосунда жолго чыккан TCG Байрактар ​​588 жаранды, TCG Санжактар ​​378 жаранды Мерсин портуна жеткирди.

Ийгиликтүү эвакуацияланган түрк жарандарын күтүү залында AFAD (Апаат жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу башкармалыгы) кызматкерлери тосуп алышты.

Каттоо иштери жана паспорттук текшерүүдөн кийин жарандар кала турчу жерлерине алып барылды. Жабыркаган же медициналык жардамга муктаж болгондор 112 Тез жардам тобу тарабынан ооруканаларга жеткирилди.

Кайрылууларга жараша Ливандан эвакуациялар алдыдагы күндөрдө да улантылат.



Тектеш кабарлар