Террористтерге каршы күрөш уланып жатат
Улуттук коргоо министрлиги маалымат берди.
2197555
Ирактын түндүгүндөгү Гара аймагында жикчил террордук уюм ПККга мүчө 5 террорист жок кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта, Түрк куралдуу күчтөрүнүн Ирактын түндүгүндөгү Гара аймагында аныктаган 5 ПКК террористин таасирсиз кылганы белгиленди.
Билдирүүдө: «Террорду өз булагында жок кылуу үчүн күтүүсүз, адаттан тыш, ыкчам жана үзгүлтүксүз операцияларды улантабыз»,-деп кабарланды.