"Оруч Рейс" Суэц каналы аркылуу Сомалиге илгерилеп баратат
Министр Байрактар социалдык медиа платформасынан билдирүү бөлүштү.
Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар, сейсмикалык изилдөө кемеси Оруч Рейстин Суэц каналынан өтүп Сомалиге карай илгерилеп баратканын маалымдады.
Министр Байрактар 5-октябрда Босфордон Сомалидеги жаңы кызматына узатылган Оруч Рейс тууралуу социалдык медиа платформасынан билдирүү бөлүштү.
Байрактар билдирүүсүндө: «Оруч Рейс сейсмикалык изилдөө кемебиз аны коштогон кемелер жана деңиз күчтөрүбүздүн фрегаттары менен Суэц каналынан өтүп Сомалиге карай коопсуз жылып баратат»,-деди.
Түркия тарабынан ата мекендик жана улуттук ресурстар менен иштелип чыккан Оруч Рейс Жер Ортолук деңиз, Суэц каналы жана Кызыл деңиз жолу аркылуу Сомалинин жээктерине жетет. Октябрдын аягында Сомалинин жээктеринде болушу пландалган кеме, лицензиясы бар үч деңиз юрисдикциясында биринчи жолу үч өлчөмдүү сейсмикалык изилдөөлөрдү жүргүзөт.
Болжол менен 7 айга созула турган иштерде Оруч Рейс жаратылыш газы жана мунай үчүн да маалымат чогултат.
Маалыматтар борбор шаар Анкарада талдангандан кийин аныкталган жерлерде бургулоо иштери башталат.