Эрдоган Албания жана Сербияга барат

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы билдирүү жасады.

2196775
Эрдоган Албания жана Сербияга барат

Президент Режеп Таййип Эрдоган расмий сапар менен Албания жана Сербияга барат.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, 10-11-октябрдагы сапарлардагы жолугушууларда эки тараптуу карым-катнаштардын бардык жагынан каралышы жана ар түрдүү тармактардагы кызматташтыкты дагы да бекемдөө үчүн жүргүзүлө турган иштердин талкууланышы пландалууда.

Президент Эрдоган сапарлардын алкагында эки өлкөдөгү кесиптештери менен түзүлгөн жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин жыйындарына төрагалык кылат.

Эрдоган Түркия тарабынан каржыланган Балкан өлкөлөрүнүн эң чоң мечити Тирана Намазгах мечитинин ачылышын Албаниянын премьер-министри Эди Раманын катышуусунда ишке ашырат.

Эрдоган андан кийин Белградга барат жана Сербиянын президенти Александр Вучич менен бирге бизнес форумуна катышат.

Иш сапарлардын алкагында эки тараптуу мамилелердин келишимдик негиздерин өнүктүрүү максатында ар түрдүү келишимдерге кол коюлушу да пландалууда.

Жолугушууларда ошондой эле Балкан өлкөлөрүндөгү абал менен катар Газа жана басып алынган Палестина жерлери менен Израилдин Ливанга кол салуулары баш болгон актуалдуу глобалдык жана аймактык маселелер тууралуу пикир алмашылышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар