COP 29 процессинде Түркия Азербайжанга ар тараптуу колдоо көрсөтөт

Мурат Курум "Pre-COP 29: Ишенимди арттыруу, аракетти күчөтүү" аттуу иш-чарага катышуу үчүн барган Азербайжанда басма сөз өкүлдөрүнө билдирүү жасады.

2197172
COP 29 процессинде Түркия Азербайжанга ар тараптуу колдоо көрсөтөт

Айлана-чөйрө, шаар куруу жана климаттын өзгөрүшү министри Мурат Курум Азербайжанда 11-22-ноябрь күндөрү өтө турган БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын 29-тараптар конференциясы (COP 29) процессинде Түркия катары ар түрдүү колдоолорду көрсөтө тургандарын айтты.

Мурат Курум "Pre-COP 29: Ишенимди арттыруу, аракетти күчөтүү" аттуу иш-чарага катышуу үчүн барган Азербайжанда басма сөз өкүлдөрүнө билдирүү жасады.

Курум: "COP 29 процессинде Азербайжан мамлекетине ар тараптуу колдоо көрсөтөбүз. Биз COP 29 бүткүл дүйнө үчүн маанилүү чечимдер кабыл алынган жыйын болушун каалайбыз" - деди.

Курум COP 29да өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө каржылоого жетүүсүн жеңилдетүүчү кадамдардын жасалышын каалагандарын билдирди.

COP 29 процессине жакындан көз сала тургандарын айткан Курум, президент Режеп Тайип Эрдогандын 2053-жылга карата таза нөлдүк эмиссия максатынын бүткүл дүйнө менен бөлүшүлгөнүн, Министрлик катары да климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана ыңгайлашуу жаатында өтө маанилүү кадамдарды жасагандыктарын белгиледи.

Мурат Курум: "Биз келечек муундарыбызга таптаза дүйнө калтыргыбыз келет" деди.



Тектеш кабарлар