Курулмуш: «Израилдин экспансионисттик саясаттарына каршы биримдикте илгерилешибиз керек»
Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Нуман Куртулмуш Израилдин Жакынкы Чыгыштагы кол салуулары жана акыркы абалдар күн тартиби менен чогулган Парламенттин жалпы жыйынында сөз сүйлөдү.
Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Нуман Куртулмуш Израилдин аймактын бардык калкын отко ыргытуу аракетин көрүп жатканын айтты.
Куртулмуш Израилдин Жакынкы Чыгыштагы кол салуулары жана акыркы абалдар күн тартиби менен чогулган Парламенттин жалпы жыйынында сөз сүйлөдү.
Куртулмуш Израилдин мыкаачылыгына унчукпай жаткан эл аралык уюмдарга дагы бир жолу каршы чыгуусун билдирип: «Нетаньяху жана анын башкаруусу аймактын бардык элин өздөрү чыгарган бул отко таштоого аракет кылууда»,-деп өз баасын берди.
Бул маселенин Түркия үчүн «өзгөчө сезимтал чекит» экенине көңүл бурган Куртулмуш: «Аймактагы бул өрттү өчүрүү үчүн биз бардык милдеттерибизди аткарабыз», - деди.
Нуман Куртулмуш Израилдин бүткүл аймактын коопсуздугун коркунучка салганын белгилеп«Улуттук коопсуздук маселеси катары көргөн Израилдин аймактагы экспансионисттик саясаты, өзгөчө Ливанга жасаган кол салуулары, ансыз да эл аралык системаны жана эл аралык укукту бузуп жаткан мамилеси ого бетер айкын болгон чөйрөдө, биз Түркия Улуу Улуттук Жыйыны катары биримдикте, ынтымакта жана улуттук коопсуздугубузду баарынан жогору койгон бир түшүнүк менен аймактагы саясаттарга каршы бекем кадамдарды ташташыбыз керек»,-деди.
Тектеш кабарлар
Түркмөнстандын башкы штабынын башчысы Анкарада
Генерал Гүрак Түркмөнстандын башкы штабынын төрагасы Анеметовду аскердик азем менен тосуп алды.