Кажыр коргоо өнөр жайындагы ата мекендик көрсөткүчкө токтолду

Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр ар түрдүү программалар үчүн барган Невшехирде Улуттук технология кыймылында эң чоң жетишкендиктердин коргонуу өнөр жайында болгонуна көңүл бурду.

2195997
Кажыр коргоо өнөр жайындагы ата мекендик көрсөткүчкө токтолду

Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр коргоо өнөр жайында ата мекендикке өтүү 20 пайыздан 80 пайызга жогорулаганын айтты.

Министр Кажыр, ар түрдүү программалар үчүн барган Невшехирде Улуттук технология кыймылында эң чоң жетишкендиктердин коргонуу өнөр жайында болгонуна көңүл бурду.

Коргонуу өнөр жайында ата мекендик жана улуттуктун абсолюттук зарылчылык экенин белгилеген Кажыр сөзүн мындайча улап: «Терроризмге каршы 40 жылга жакын күрөшкөн өлкө катары биз бул күрөштө керектүү коргонуу системаларынан көп учурда кем калчубуз. Чындыгында биздин союздаштарыбыз бар болчу, бирок көпчүлүк учурда ал союздаштарды биздин өлкөбүздө биз менен бирге көрө албадык. Биз аларды террордук уюмдардын жанында, жакынында жана артында көрдүк. Бизге керек болгон коргонуу системаларынын акчасын төлөгөнүбүзгө карабастан, алар бизге аларды берүүдөн баш тартышты»,-деп айтты.

Коргоо өнөр жайындагы ата мекендик көрсөткүчүнүн 20 пайыздан 80 пайызга жогорулаганын белгилеген Кажыр: «Бүгүнкү күндө Түркия жер жана аба унааларында, деңиз платформаларында жана спутник системаларында бардык критикалык муктаждыктарын ата мекендик жана улуттук деңгээлде өндүргөн өлкө. Учурда Түркия учкучсуз учуучу аппараттар боюнча дүйнөдө бир номердеги өлкө. Бир гана Түркияда гана эмес, ошондой эле 50гө жакын өлкөнүн асманы Түркия чыгарган УУАлары тарабынан корголууда»,- деди.

Космостук технологияларда да талыкпай эмгектенген Түркиянын сүрөт/видео спутниктерин ата мекендик жана улуттук ресурстар менен иштеп чыкканын белгилеген Кажыр, космос тармагында жаңы кыймыл жасала турганын жана Алпер Гезеравжы иштеген космос станциясынын жаңылануу долбоорлоруна катыша тургандарын айтты.



Тектеш кабарлар