Эрдоган Жогорку окуу жылынын ачылыш аземинде сөз сүйлөдү
Эрдоган, 2002-жылы 76 болгон жогорку окуу жайлардын саны бүгүнкү күндө 208ге, студенттердин саны 2 миллиондон 7 миллионго көбөйгөнүн, Түркиянын окутуучулардын саны боюнча OECD өлкөлөрүнүн арасында 8-орунга көтөрүлгөнүн билдирди.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, билим берүүнүн улуттук аң-сезим менен колдоого алынган даражада ийгиликтүү болоорун айтты.
Борбор шаар Анкарада 2024-2025- Жогорку окуу жылынын ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн президент Эрдоган илимге, изилдөөгө, илимий ой жүгүртүүгө жана илим адамдарына канчалык жогору маани берилсе, өлкөнүн келечеги да ошончолук жарык болорун билдирди.
"Билим берүү улуттук аң-сезим менен колдоого алынган даражада гана ийгиликтүү болот" деген Эрдоган, 2002-жылы 76 болгон жогорку окуу жайлардын саны бүгүнкү күндө 208ге, студенттердин саны 2 миллиондон 7 миллионго көбөйгөнүн, Түркиянын окутуучулардын саны боюнча OECD өлкөлөрүнүн арасында 8-орунга көтөрүлгөнүн айтты.
Түркиянын илимий басылмалар боюнча 29-орундан 17-орунга көтөрүлгөнүн эске салган Эрдоган, 198 башка өлкөдөн келген 340 миңден ашык чет элдик студенттин Түрк университеттеринде билим алып жатканын маалымдады.
Дүйнөнүн төрт тарабында Газадагы Израилдин геноцидин сындаган студенттерге да токтолгон президент мындай деди:
"Газада геноцид бар деген студенттер полициянын зомбулугуна кабылып, жерде сүйрөлдү. Палестина үчүн митингдерге уруксат берген ректорлор кызматтан алынды, Америка Конгрессинде сурак берүүгө чакыртылды. Тынчтык акцияларына катышкан университет студенттерине 'өмүр бою жумуш таба албайсыңар' деп ачык коркутуу болду. Эң кичине сын-пикирге, Палестинага колдоо билдирүүсүнө да уруксат берилген жок. Газа геноцидинде батыштык жетекчиликтер Израилди коргойбуз деп оброюн түшүрүштү".