Эрдоган Израилдин Газага кол салууларынын 1 жылдыгынан улам билдирүү бөлүштү

Израилдин көп жылдардан берки геноцид, оккупация жана басып алуу саясаты токтотулушу керек.

2195596
Эрдоган Израилдин Газага кол салууларынын 1 жылдыгынан улам билдирүү бөлүштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, «толук бир жылдан бери дүйнөнүн көз алдында өлтүрүлгөндүн чындыгында бүткүл адамзат, адамзаттын келечекке болгон үмүтү» экенин айтты.

Эрдоган Израилдин Газага кол салууларынын 1 жылдыгынан улам социалдык медиа баракчасынан билдирүү бөлүштү.

Президент Эрдоган билдирүүсүндө: «Бүгүн 7-октябрь... Толук 365 күн мурун тирүү болгон көбү балдар жана аялдардан турган 50 миң боордошубуз мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Газадагы ооруканалар, ар түрдүү диндердин сыйынуучу жайлары, мектептер талкаланды. Көптөгөн журналисттер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, тынчтык элчилери азыр тирүү эмес.

Газада, Палестинада жана азыркы Ливанда бир гана аялдар, балдар, ымыркайлар жана бейкүнөө жарандар эмес; ошол эле учурда адамзат, адамзатка кызмат кыла турган мекемелер, эл аралык система да өлдү...

Туура бир жылдан бери дүйнөнүн көз алдында түз эфирде өлтүрүлгөн чындыгында бүткүл адамзат, бүт адамзаттын келечекке болгон үмүттөрү.

Канкор Израиль өкмөтү 7-октябрдан бери өлтүргөн он миңдеген адамдарды бүгүн кайгыруу менен эстеп; жубайларын, балдарын жана үй-бүлөлөрүн жоготкон газалык, палестиналык жана ливандык бир туугандарыма терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Израилдин көп жылдардан берки геноцид, оккупация жана басып алуу саясаты токтотулушу зарыл.

Израиль бир жылдан бери улантып келе жаткан бул кыргын үчүн эртедир-кечтир жооп берери унутулбашы керек.

Гитлер адамзаттын биримдигинин негизинде токтотулгандай, Нетаньяху жана анын өлтүрүү тармагы да ошондой эле токтотулат.

Газадагы геноцид үчүн жоопкерчилик болбогон дүйнөдө тынчтык болбойт.

Түркия катары биз Израиль өкмөтүнө каршы туруубузду улантабыз жана дүйнөнү да ушул ар-намыстуу позицияга чакырабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар