Эрдоган: «Түркия катары газалык боордошторубуздун жанында болууну улантабыз»
Президент Эрдоган, төрагасы болгон Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партиянын) Түркия жолугушууларынын Стамбулдагы программасында сөз сүйлөдү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Түркия катары бардык мүмкүнчүлүктөрүбүз менен газалык боордошторубуздун жанында болууну улантабыз»,-деди.
Президент Эрдоган, төрагасы болгон Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партиянын) Түркия жолугушууларынын Стамбулдагы программасында сөз сүйлөдү.
Израилдин Газа калкына карай геноцидинин биринчи жылын аяктоо алдында турганын белгилеген Эрдоган, акыркы 364 күндө 17 миңден ашуун бала, миңдеген аялдар, карылар, карапайым калк, доктур жана журналисттердин зордук менен шейит кылынганын жана 50 миңге жакын бейкүнөө адам бүткүл дүйнөнүн көз алдында өлтүрүлгөнүн билдирди.
Эрдоган: «Эл аралык укук, негизги адам укуктары жана эркиндиктери, согуш мыйзамдары, адамдарга жана адамзатка тиешелүү бардык баалуулуктар тебеленди. 360 чарчы километр жерде кылынбаган кылмыш, жасалбаган жапайычылык калган жок, бирок алар эмне кылышса да Газа элинин каршылыгын сындыра алышкан жок. Газадагы боордошторубуз, бардык мүмкүн эместиктерге карабастан үммөттүн жана адамзаттын сыймыгы катары сионисттик баскынчыларга 364 күндөн бери баатырларча каршылык көрсөтүп келатат»,-деп айтты.
Палестинанын баатыр балдарына чын жүрөктөн сүйүүсүн жолдогон Эрдоган: «Түркия катары бардык мүмкүнчүлүктөрүбүз менен газалык боордошторубуздун жанында болууну улантабыз»,-деди.
Израилдин Ливанга багыттаган кол салууларынан кийин Түркиянын эң катуу реакция көрсөткөн өлкөлөрдүн бири болгонун белгилеген Эрдоган: «Израиль өкмөтүнүн бүт аймакты канга чылоого багытталган ыпылас пландарын көргөн жана ачыкка чыгарган, анын кесепеттери жөнүндө бүткүл адамзатты эскерткен да Түркия»,-деп айтты.