Эрдоган Текнофестте сөз сүйлөдү
Эрдоган Израилдин алгач Хамас шылтоосу менен Газаны басып алганын; эми болсо Ливанда Хизбулла шылтоосу менен кан төгүп жатканын билдирди.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, ушул убакка чейинкидей эле адилеттиктин, жапа чеккендердин тарабында болууну уланта тургандарын айтты.
Президент Эрдоган Адана Шакирпаша аэропортунда өткөрүлгөн Текнофест-2024кө катышып сөз сүйлөдү.
Аймакта акыркы жылдардын эң азаптуу күндөрү өтүп жатканын баса белгилеген Эрдоган: «Израилдин Газага кол салуулары башталганына дээрлик бир жыл болду. Көбү балдар жана аялдардан турган 50 миң бир тууганыбыз мыкаачылык менен өлтүрүлдү. 100 миңге жакын адам жабыркап, шаарлар урандылардын үймөгүнө айланды»,- деди.
Израилдин алгач Хамас шылтоосу менен Газаны басып алганын; эми болсо Ливанда Хизбулла шылтоосу менен кан төгүп жатканын билдирген Эрдоган: «Аймакта ок атышпоо, тынчтык жана бейпилдикке жакындаган сайын Израиль өкмөтү бул процесске тоскоол болуп провокация кылып жатат. Алар өрттү бүткүл аймакка жайып, аймагыбызды канга жана көз жашка чөктүрүш үчүн бардык ыкмаларды колдонууда»,- деди.
Эл аралык укуктун толугу менен тебеленгенин айткан Эрдоган: «(Израиль) Уялбастан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерришке БУУга келе албайт деп кыр көрсөтүүдө. Бул абалды кара. Эми 196 өлкө балким БУУнун баш катчысын колдойт»,-деди.
Учурдагы Израиль башкаруусунун ар бир билдирүүсү жана бөлүшкөн ар бир картасы менен чыныгы ниетин ачыкка чыгарганын белгилеген Эрдоган, окуяларга тыкыр байкоо салгандарын, зулумдарга каршы «адамгерчилик фронтун» күчтөндүрүүгө аракет кылып жатышканын маалымдады.