Жарандарды Ливандан коопсуз эвакуациялоо
Улуттук коргоо министрлигинин булактары, жумалык маалымат жыйынынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп беришти.
Түркиянын Улуттук Коргоо министрлиги, биринчи кезекте түрктөрдү жана чет өлкөлүк жарандарды да Ливандан коопсуз эвакуациялоо боюнча пландоо жана даярдык иштерин бүтүргөнүн билдирди.
Улуттук коргоо министрлигинин булактары, жумалык маалымат жыйынынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп беришти.
Израилдин Ливанга кол салуусунан кийин Ирандын да Израилге ракеталык соккусунан улам келип чыккан чыңалуунун аймактык согушка айланып кетүү ыктымалдыгы тууралуу суроого министрликтин булактары төмөнкүдөй жооп беришти:
«Улуттук Коргоо министрлиги жана Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) катары өлкөбүздүн коргонуусу менен коопсуздугуна байланыштуу аймакта жана дүйнөдө болуп жаткан окуяларды жакындан байкап, аларды көп өлчөмдүү коопсуздук стратегиясы менен талкуулайбыз жана керектүү чараларды көрөбүз».
Маалымат булактары, Түрк куралдуу күчтөрүнүн өлкөгө быгытталган же ыктымалдуу ар кандай коркунучтарды жок кылууга кудуреттүү экенин баса белгилешти.
Министрликтин булактары, түрк жарандарынын Ливандагы эвакуация абалына байланыштуу суроого болсо төмөнкүчө жооп беришти:
«Буга чейин көптөгөн эвакуация операцияларын ийгиликтүү ишке ашырган Түрк куралдуу күчтөрүбүз, өзгөчө жарандарыбыз менен бирге чет элдик жарандардын да Ливандан коопсуз эвакуацияланышы үчүн пландоо жана даярдыктарын аяктады. Учурда Ливандагы окуяларга Тышкы иштер министрлиги менен координациялуу түрдө тыкыр байкоо салынууда. Эвакуация башталса мамлекетибиздин тиешелүү мекемелери тарабынан керектүү маалымат берилет».