Түркия 3-октябрь Түрк мамлекеттеринин кызматташтык күнүн белгиледи
Тышкы иштер министрлиги Түрк Мамлекеттер Уюмунун (ТМУ) негиздөөчү документи болгон Нахчыван келишиминин 15 жылдыгына карата 3-октябрь Түрк мамлекеттеринин кызматташтык күнү менен түрк дүйнөсүн куттуктаган билдирүү жарыялады.
Түркия 3-октябрь Түрк мамлекеттеринин кызматташтык күнүн белгиледи.
Тышкы иштер министрлиги Түрк Мамлекеттер Уюмунун (ТМУ) негиздөөчү документи болгон Нахчыван келишиминин 15 жылдыгына карата 3-октябрь Түрк мамлекеттеринин кызматташтык күнү менен түрк дүйнөсүн куттуктаган билдирүү жарыялады.
Министрлик куттуктоосун X социалдык медиа платформасындагы билдирүү менен бөлүштү.
Билдирүүдө: «Түрк Мамлекеттер Уюмунун негиздөөчү документи Нахчыван келишиминин 15 жылдыгына карата бүткүл түрк дүйнөсүнүн 3-октябрь Түрк мамлекеттеринин кызматташтык күнүн сыймыктануу менен куттуктайбыз. Түрк мамлекеттеринин арасында «Тилде, идеяда жана иште биримдик» ураанына жетиш үчүн болгон күчүбүз менен аракетибизди улантабыз»,-деп айтылды.
Эске салсак, түзүлгөндөгү аты «Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши (кыскасы Түрк кеңеши)» болгон ТМУнун пайдубалы 2009-жылдын 3-октябрында Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия тарабынан кол коюлган Нахчыван келишими менен түптөлгөн.
Түрк дүйнөсүнүн орток тарыхый жана маданий баалуулуктары менен интеграциясына кызмат кылууну максат кылган ТМУ мүчө өлкөлөр менен экономикадан саясатка, билим берүүдөн маданиятка, коргонуудан коопсуздукка, бажыдан транспортко, туризмден спортко чейин ар түрдүү тармактарда кызматташууга негиз салуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө.
Аймактык масштабда тааныла баштаган TМУ 15 жылда жалпы 4,25 миллион чарчы километр жер аянты жана болжол менен 160 миллион калкы менен Түрк дүйнөсүнүн геосаясий абалын мүчө өлкөлөр менен бекемдеген эл аралык уюмга айланды. Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстан сыяктуу 5 толук мүчөдөн турган TМУга Түркмөнстан, Венгрия жана Түндүк Кипр Түрк Республикасы (ТКТР) «байкоочу» катары кирген.
Түзүлгөндөн бери мамлекет башчыларынын деңгээлинде 10 саммит өткөргөн TМУ 6-ноябрда Кыргызстанда 11-саммитти өткөрүүгө камынууда.
Тектеш кабарлар
Эрдоган 10-ноябрга карата билдирүүсүн жарыялады
Президент Режеп Таййип Эрдоган социалдык тармактагы баракчасынан маалымат бөлүштү.
Министрлер кабинети Чанкая сарайында чогулат
Чанкая сарайында Ататүрк музейин ача турган Эрдоган андан кийин өкмөт жыйынына төрагалык кылат.