Стамбул аэропорту биринчи орунду ээледи
Европанын Аэронавигация коопсуздугу уюмунун (Евроконтрол) 23-29-сентябрга карата “Авиациялык отчету” жарыяланды.
2194383
Стамбул аэропорту 23-29-сентябрды камтыган мезгилде күнүмдүк орточо 1438 рейс менен Европанын эң кыймылдуу аэропорту катары катталды.
Европанын Аэронавигация коопсуздугу уюмунун (Евроконтрол) 23-29-сентябрга карата “Авиациялык отчету” жарыяланды.
Маалыматка ылайык, Стамбул аэропорту бул мезгилде күнүмдүк орточо 1438 каттам менен Европанын эң кыймылдуу аэропортторунун арасында биринчи орунга чыкты.
Стамбул аэропортунан кийин күнүмдүк 1437 каттам менен Амстердам Схипхол, 1373 каттам менен Париж Шарль де Голль жана 1328 каттам менен Лондон Хитроу турат.
Анталья аэропорту да күнүмдүк 916 каттам менен тизмеде 10-орунду ээледи.