Ливандагы түрк желектүү кемелердин коопсуздугу үчүн чара көрүлүүдө

Уралоглу ушул алкакта Ливан порттору жана бул порттордун тегерегинде сүзө турган түрк желектүү кемелердин ISPS код коопсуздук деңгээлин 30-сентябрдан тартып 3-деңгээлге көтөргөндүктөрүн жарыялады.

2193969
Ливандагы түрк желектүү кемелердин коопсуздугу үчүн чара көрүлүүдө

Транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу Ливандагы түрк желектүү кемелердин Эл аралык кеме жана порт жайлары коопсуздук коду (ISPS) деңгээлин эң жогорку 3-деңгээлге көтөргөндөрүн билдирди.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, Абдулкадир Уралоглу Ливанда учурдагы окуяларга байланыштуу түрк желектүү кемелердин ыктымалдуу коркунучтарга каршы даяр болуусу, портто турган мезгилде зарыл иштерди аткаруусу жана бул кемелердин эрте эскертилиши максатында чара көргөндөрүн айтты.

Уралоглу ушул алкакта Ливан порттору жана бул порттордун тегерегинде сүзө турган түрк желектүү кемелердин ISPS код коопсуздук деңгээлин 30-сентябрдан тартып 3-деңгээлге көтөргөндүктөрүн жарыялады.

Министр Уралоглу коопсуздук деңгээли 3кө өткөндөн кийин кемелер жана экипаждын ыйгарым укуктуу органдардын бардык көрсөтмөлөрүн аткарууга тийиш экендигин белгилеп, "Кеменин коопсуздук планы боюнча порт жайы менен кызматташтыкта кеме тарабынан коопсуздук чаралары эң жогорку деңгээлде ишке ашырылат" деди.

Кеме капитанынын кемедеги чектелген аянттарга байланыштуу коопсуздук чараларын күчөтө ала тургандыгын айткан Уралоглу, кемедеги жүк жүктөө жана түшүрүү иштеринин убактылуу токтотулушу мүмкүн экендигин билдирди.



Тектеш кабарлар