Түркия Судандагы кол салууну айыптады
Министрлик Хартумдагы кол салууга байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.
Түркия, Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Судандагы элчилик имаратына багытталган кол салууну айыптады.
Министрлик Хартумдагы кол салууга байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жарыялады.
Билдирүүдө: "Түркия БАЭнин Хартумдагы элчилик имаратына жасалган кол салууну эл аралык укуктун жана дипломатиялык нормалардын ачык бузулушу катары эсептейт жана айыптайт" деген сөздөр камтылды.
Түркиянын бардык тараптарды эл аралык укукту сыйлоого чакырганы айтылган билдирүүдө, дипломатиялык миссиялардын кол тийбестигинин Вена Дипломатиялык Мамилелер Конвенциясына ылайык корголушунун маанилүүлүгү баса белгиленди.
Билдирүүдө: "Түркия Суданда ок атышпоону камсыздоо жана туруктуу тынчтыкты орнотуу багытындагы аракеттерин чечкиндүүлүк менен улантат" делди.
БАЭнин Тышкы иштер министрлиги, Судан армиясына таандык учактын БАЭнин Хартумдагы элчилик имаратына абадан кол салып, имаратка олуттуу зыян келтиргенин кабарлаган.
Судан армиясы болсо айыптоолорду четке кагып кол салуунун жоопкерчилигине байланыштуу Ыкчам колдоо күчтөрүн күнөөлөгөн.
Тектеш кабарлар
"Оруч Рейс" Суэц каналы аркылуу Сомалиге илгерилеп баратат
Министр Байрактар социалдык медиа платформасынан билдирүү бөлүштү.