Стамбул аэропорту «Дүйнөнүн эң мыкты аэропорту» болуп тандалды
115 жылдык тарыхы бар саякат басылмаларынын эң абройлуу журналдарынын бири Conde Nast Traveller тарабынан уюштурулган сурамжылоого жыл сайын миңдеген адамдар катышат.
Стамбул аэропорту, Conde Nast Traveler саякат журналынын редакторлору жана окурмандары тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгында «Дүйнөнүн эң мыкты аэропорту» болуп тандалды.
115 жылдык тарыхы бар саякат басылмаларынын эң абройлуу журналдарынын бири Conde Nast Traveller тарабынан уюштурулган сурамжылоого жыл сайын миңдеген адамдар катышат.
Жыл сайын кайталанган сурамжылоонун катышуучуларынын добушу менен аныкталган тизмеде Стамбул аэропорту дагы бир жолу лидер болуп, 2022-жылдагыдай Сингапурдун Чанги аэропортун экинчи орунга калтырды.
Тизмеде үчүнчү орунду Түштүк Кореянын Сеул Инчхон аэропорту ээледи. Төртүнчү орунда турган Дохадагы Хамад эл аралык аэропортунан кийин Швейцариянын Цюрих аэропорту жайгашты.
Тектеш кабарлар
Антальяда жайдан калган күндөр уланууда
Каш аймагы күз, сентябрь жана октябрь айларында кыдырыла турчу эң маанилүү жерлердин бири.