Эрдоган: «Ливанга кол салуусунун жыйынтыгы алардын мурунку басып алууларына окшош болбойт»
Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын 28-чакырылыштагы 3-мыйзам чыгаруу жылынын ачылыш жыйынында депутаттарга кайрылган президент Эрдоган Израилдин Газа тилкеси жана Ливанга кол салууларына токтолду.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Израилди эскертип: «Ливанга карай кургактыктан жасалган операциянын жыйынтыгы алардын мурунку басып алууларына окшош болбойт»,-деп айтты.
Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын 28-чакырылыштагы 3-мыйзам чыгаруу жылынын ачылыш жыйынында депутаттарга кайрылган президент Эрдоган Израилдин Газа тилкеси жана Ливанга кол салууларына токтолду.
Эрдоган Израилдин бир жагынан Газада геноцид кылып, экинчи жагынан Ливанда террордук кол салууларды жасап жатканда ошондой эле аймактагы өлкөлөрдү өз отуна тартуу үчүн ар кандай ыкмаларды колдонуп, ар кандай чагымчылдыктарды сынаганын айтты.
Тилекке каршы, бүт аймакты өрттөп жиберүүнү максат кылып, Газада 17 миңи бала болгон 42 миң кишини кырган жана азыр Ливанда кыргынды баштаган Израилдин дүйнөдөн керектүү жана жетиштүү реакцияны албаганына көңүл бурган Эрдоган: «Израиль мамлекети, Нетаньяху аттуу гитлердик ышкыбоздун башкаруусу астында, акыркы 51 жуманын ичинде адамзатка каршы бардык кылмыштарды орой түрдө кылды./.../ Бул кек жана жек көрүү менен шартталган адам өлтүрүү тармагынын колунда. Газа 42 миң бейкүнөө киши өлтүрүлгөн чоң жок кылуу лагерине айланды»,-деп айтты.
Президент Эрдоган, эмне кылса дагы Израилдин эртеби кечпи токтотула турганын, өзүн гигант күзгүсүнөн көргөн Гитлер кандай токтотулган болсо Нетаньяхунун да ошол сыяктуу токтотула турганын баса белгиледи.
Убада кылынган жер алдамчылыгы менен кыймыл кылган Израиль башкаруусунун Палестина жана Ливандан кийин Түркияга да көз арта турганын белгилеген Эрдоган: «Окупация, терроризм жана агрессия биздин жаныбызда. Биздин алдыбызда мыйзамдуу мамлекет эмес, кан менен тамактанган, басып алуу менен гүлдөп жаткан канкорлордун үйүрү бар»,- деп айтты.
«Израилдин агрессиясы Түркияны да камтыйт. Биз мекенибиз, улутубуз жана эгемендүүлүгүбүз үчүн колубузда болгон бардык мүмкүнчүлүктөр менен бул мамлекеттик террорго каршы турабыз»,-деп айткан Эрдоган билдирүүсүндө: «Израилди абдан ачык эскертем. Ливанга каршы кургактыктан жасалган операциянын жыйынтыгы алардын мурунку басып алууларына окшош болбойт»,-деди.
Тектеш кабарлар
Антальяда жайдан калган күндөр уланууда
Каш аймагы күз, сентябрь жана октябрь айларында кыдырыла турчу эң маанилүү жерлердин бири.