Антальяда турист рекорду
Антальяга эң көп орусиялык туристтер келди.
2193587
Анталья быйыл 9 айда 14 миллион 71 миң 412 туристти кабыл алып, жаңы рекорд койду.
Шаарга келген туристтердин санындагы өсүү көрсөткүчү өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 8 пайызды түздү.
9 айлык мөөнөттө Антальяга эң көп турист жиберген өлкөлөрдүн арасында Орусия быйыл да биринчилик орунун сактап калды.
Антальяга эң көп турист 3 миллион 245 миң 626 менен Орусиядан келсе, Германия 2 миллион 705 миң 103 киши менен экинчи, Англия 1 миллион 298 миң 313 киши менен үчүнчү орунду ээледи.
Бул өлкөлөрдөн кийин Польша, Казакстан, Румыния, Нидерландия, Украина, Чехия жана Словакия турат.
Тектеш кабарлар
Антальяда жайдан калган күндөр уланууда
Каш аймагы күз, сентябрь жана октябрь айларында кыдырыла турчу эң маанилүү жерлердин бири.