Улуттук чалгындоо уюму дагы бир ийгиликтүү операция жүргүздү
Жикчил террор уюму ПКК/КЖКнын лидерлеринин бири болгон Локман Исмаил Ирактын түндүгүндө жүргүзүлгөн чекиттик операцияда жок кылынды.
Ирак менен Сириянын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө болгон 6 террорист жок кылынды.
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинен билдирүү жасалды.
Билдирүүдө, «Баатыр Түрк куралдуу күчтөрүбүз Ирактын түндүгүндөгү Гара аймагында аныктаган 4 ПКК террористти, Сириянын түндүгүндөгү Евфрат калканы аймагында 2 ПКК/ЙПГ террористти жок кылды»,-деп айтылды.
Операциялардын акыркы террорист жок кылынганга чейин улана турганы баса белгиленди.
Бир тараптан, Улуттук чалгындоо уюму (MİT) дагы бир ийгиликтүү операция жүргүздү.
Жикчил террор уюму ПКК/КЖКнын лидерлеринин бири болгон Локман Исмаил Ирактын түндүгүндө жүргүзүлгөн чекиттик операцияда жок кылынды.
Сирия тектүү террорист, 2015-2016-жылдары Шырнакта болгон чуңкур-тосмо окуяларында түрк коопсуздук күчтөрүнө каршы кол салууларды уюштурган адам болгон.
ПКК/КЖКда 30 жылдан бери иш алып барган террорист Локман Исмаил так атылган ок менен жок кылынды.
Тектеш кабарлар
Өмер Блота : "Республика тарыхыбызда окятбрь айында эң жогорку экспорт рекордуна жетиштик"
Соода министри Өмер Болат Антальяда октябрь айындагы тышкы соода тууралуу маалымат берди.