Фидандын АКШдагы жолугушуулары

Хакан Фидан дипломатиялык жолугушууларын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 79 - Башкы Ассамблеясына катышкан Нью-Йоркто улантууда.

2192312
Фидандын АКШдагы жолугушуулары
hollanda caspar veldkamp-hakan fidan abd turkevi.jpg
misir abdullati-hakan fidan abd turkevi.jpg

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Нью-Йорк шаарында Египеттин тышкы иштер министри Бадр Абделатти жана Нидерландиянын тышкы иштер министри Каспар Велдкамп менен жолугушту.

Хакан Фидан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 79 - Башкы Ассамблеясынан улам барган Нью-Йоркто дипломатиялык жолугушууларын улантууда.

Министр Фидан Египеттин тышкы иштер, миграция жана чет өлкөдөгү египеттиктер министри Бадр Абделатти менен Түрк үйүндө жекеме-жеке жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Түркия менен Египеттин ортосундагы экономикалык карым-катнаштарды өнүктүрүүнүн жолдору жана эки тараптуу кызматташтыктын түрдүү аспектилери талкууланып, аймактык чыңалуунун күчөшүнө жол бербөөнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

Министр Фидан эки тараптуу жолугушууларынын алкагында Нидерландиянын тышкы иштер министри Каспар Велдкамп менен да жолугушту.

Министр Велдкамп жолугушуу тууралуу социалдык медиа баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө: "Түрк кесиптешим Хакан Фидан тарабынан жылуу кабыл алындым. Түркия Нидерландия үчүн да, Европа Биримдиги үчүн да маанилүү өнөктөш. Көптөгөн тармактарда, анын ичинде соода жана коопсуздук боюнча кызматташуубузду улантууга кубанычтамын",- деди.



Тектеш кабарлар