Президент Эрдоган 21 – 26 - сентябрь күндөрү АКШга барат
24 - сентябрда БУУнун трибунасынан 14 - жолу кайрылуу жасай турган Эрдоган сөзүндө дагы бир жолу глобалдык системанын адилетсиздигине басым жасап, БУУнун кайрадан форма курулуш керектигин баса белгилейт.
Президент Режеп Таййип Эрдоган 21 – 26 - сентябрь күндөрү АКШга барат. Эрдоган 193 өлкөнүн өкмөт жана мамлекет башчылары менен бирдикте Нью - Йорк шаарындагы БУУнун Башкы ассамблеясынын 79 - жыйынына катышат.
24 - сентябрда БУУнун трибунасынан 14 - жолу кайрылуу жасай турган Эрдоган сөзүндө дагы бир жолу глобалдык системанын адилетсиздигине басым жасап, БУУнун кайрадан форма курулуш керектигин баса белгилейт.
Президент Эрдоган Нью - Йоркто дипломатиялык жолугушууларды да өткөрүп, дүйнө лидерлери менен бетме - бет жолугушат.
Өлкөлөр арасындагы карым - катнаштар менен бирге аймактык жана глобалдык маселелер каралат. Жолугушуулардын дареги БУУнун башкы кеңсесинин жанындагы Туркеви болот.
Президент Эрдогандын АКШ сапарынын алкагында иш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусу күтүлүүдө. Чоң фирмалардын жогорку даражалуу жетекчилери менен Түркиядагы инвестиция мүмкүнчүлүктөрү жана өз ара сооданын жогорулатылышы талкууланат.
Акыркы мезгилде Түркия - АКШ карым - катнаштарындагы оң ылдамдоо менен бирдикте 100 миллиард долларлык биргелешкен соода көлөмү максаты күн тартибинде болот.