Түркиянын алгачкы калкып жүрүүчү өндүрүш платформасы Чанаккале кысыгында
Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар X социалдык медиа аккаунтунда калкып жүрүүчү өндүрүш платформасы тууралуу билдирүү бөлүштү.
Түркиянын алгачкы калкып жүрүүчү газ өндүрүү, сактоо жана чыгаруу платформасы (FPSO) Чанаккале кысыгынан өттү.
Июль айынын аягында Сингапурдан жолго чыккан Түркиянын алгачкы калкып жүрүүчү жаратылыш газ өндүрүү платформасы Эгей деңизинен Чанаккале кысыгына кирди.
Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар X социалдык медиа аккаунтунда калкып жүрүүчү өндүрүш платформасы тууралуу билдирүү бөлүштү.
Байрактар : «Калкып жүрүүчү өндүрүш платформабыз Чанаккалеге жетти. Сакария газ талаасында 2026-жылы ишке киргизилет жана күн сайын 10 миллион метр куб жаратылыш газын иштетет. Жалгыз өзү 4 миллион үй-бүлөнүн газ муктаждыгын камсыздайт»,-деди.
Билдирүүдө күнүнө 10 миллион метр куб газды иштетип, аны кургактыкка жеткире турган платформанын Сакария газ талаасындагы күнүмдүк өндүрүштү эки эсеге көбөйтө турганы белгиленди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Палестинанын келечеги конференциясында сөз сүйлөдү
Эрдоган Палестина мамлекети түзүлгөнгө чейин талыкпай күрөшүүнү уланта тургандарын айтты.