Куртулмуш польшалык кесиптеши менен жолугушту

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Куртулмуш Польша парламентинин спикери Шимон Холовния менен парламентте жолугушту.

2189361
Куртулмуш польшалык кесиптеши менен жолугушту

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Нуман Куртулмуш Израилдин баскынчылыгы токтотулбаса дүйнөнүн чоң аймактык жана глобалдык кагылышууларга тартыларын эскертти.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Куртулмуш Польша парламентинин спикери Шимон Холовния менен парламентте жолугушту.

Аймактык темаларга баа берген Куртулмуш Газада уланып жаткан жана Ливанга жайылуу потенциалы бар Израилдин агрессиясына көңүлдөрдү бурду.

Куртулмуш : «Израилдин 7-октябрдан бери өзгөчө Газа тилкесинде Палестина жерлерине кол салууларынан 42 миңге жакын киши каза болду. Дайынсыз жоголгон жана урандылардын астында калган көп кишинин бар экени болжолдонууда. Бүткүл дүйнөнүн көз алдында жана эч кандай эл аралык укуктун эрежелерине баш ийбестен, Нетаньяху жана анын бандасы, тилекке каршы, кээ бир мамлекеттердин, өзгөчө Американын чексиз жана шартсыз колдоосуна ээ болгондуктан, акыркы кездери ар кандай ойлонбогон иштерди жасоодон тартынышпайт. Акыркы убакта Ливанда биринин артынан бири жасалган кибер чабуулдар бул агрессиянын коркунучтуу өлчөмдөрүн көрсөтүү менен бүткүл адамзатка эскертүүчү мүнөздө болуп калды. Эгерде Израилдин агрессиясы токтотулбаса, анда мен дүйнө ири аймактык жана глобалдык жаңжалдарга тартылып калат деп корком», - деди.

Польша парламентинин спикери Шимон Холуния Жакынкы Чыгыштагы абалдын бир апаат экенине көңүл буруп, аймактагы максаттарынын тез арада тынчтыкка жетишүү экенин белгиледи.



Тектеш кабарлар