Домузтепеде штамп пломбасынын калдыктары табылды

Кахраманмараштагы Домузтепе дөбөсүндө 7 миң  450 жыл мурункуга таандык экендиги болжолдолгон 3 кампа менен штам пломбасы табылды.

2189325
Домузтепеде  штамп пломбасынын калдыктары табылды
domuztepe hoyugu kazi.jpg
domuztepe hoyugu kazi1.jpg
domuztepe hoyugu kazi2.jpg

Кахраманмараштагы Домузтепе дөбөсүндө 7 миң  450 жыл мурункуга таандык экендиги болжолдолгон 3 кампа менен штам пломбасы табылды. 

Гөбеклитепе менен  шумерлерди байланыштырган ортоңку алкак деген ой менен жүргүзүлгөн казуу учурунда биздин заманга чейинки 5450 - жылга (болжол менен 7 миң 450 жыл) таандык катмарда диаметри 3 метр болгон үч кампанын калдыктары табылды. 

Адистер кампалардын органикалык материалдарды сактоодо колдонулгандыгын аныкташкандарын айтышты. 

Кампалардын жанында  эсептөө үчүн англисче 'token', французча  'jeton' деген заттардын бар экендигин белгилеген адистер көпчүлүк учурда таш же бышкан ылайдан жасалган идиштердин тегеректелиши менен алынган, кээде үч бурчтук же цилиндр формасындагы нерселер менен катталгандыгын билдирди. 

Казуу учурунда коммерциялык материалдардын менчик укугун же коопсуздугун камсыз кылуу үчүн колдонулган геометриялык оймо  -  чиймелер түшүрүлгөн штамптар да табылды. 

Буга чейин да ошол эле аймактын 20 метр чыгышында  4 чоң кампа табылган. 

 

 



Тектеш кабарлар