ЖМKК түрк аскерине жалаа жабууну ачыкка чыгарды
Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын жалган маалыматка каршы күрөшүү борбору (ЖМKК), социалдык тармактарда жарандарга ок атып жаткан аскерлердин түрк эмес, израилдик экенин билдирди.
Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын жалган маалыматка каршы күрөшүү борбору (ЖМKК), социалдык тармактарда жарандарга ок атып жаткан аскерлердин түрк эмес, израилдик экенин билдирди.
ЖМКК тарабынан жасалган билдирүүдө мындай деп айтылат: "Айтылып жаткан окуя Ирактын Духок шаарында эмес, Палестинанын Батыш Шериасындагы Эл-Халил аймагында тартылганы аныкталды. Видеодо басып алуучу израилдик аскерлердин жүк ташуучу унаанын айдоочусуна кол салып, унаанын дөңгөлөктөрүнө ок атканы көрсөтүлгөн. Иврит тилиндеги сүйлөшүүлөр угулбашы үчүн бул видеого музыка кошулганы аныкталды. Негизсиз билдирүүлөргө ишенбеңиздер."
Тектеш кабарлар
Түркмөнстандын башкы штабынын башчысы Анкарада
Генерал Гүрак Түркмөнстандын башкы штабынын төрагасы Анеметовду аскердик азем менен тосуп алды.