Түркия-Швеция жыйыны кечеңдетилди
Түркия менен Швециянын ортосунда министрлер деңгээлиндеги Коопсуздук механизминин жыйыны бүгүн Анкарада өтмөк.
Швециялык министрлерди борбор шаар Анкарага алып келе турган учак техникалык мүчүлүштүктөн улам кайра артка кайтты.
Швециянын Тышкы иштер министри Мария Малмер Стенергард жана Юстиция министри Гуннар Струммерди Анкарага алып келүү үчүн учуп чыккан учактын Стокгольмдогу Арланда аэропортуна кайра кайткандыгы билдирилди.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ричард Вальстрём, учактын техникалык бузулууга байланыштуу кайра кайткандыгын кабарлады.
Вальстрём: «Терроризмге жана уюшкан кылмыштуулукка каршы кызматташтык баш болгон көптөгөн маанилүү темалар карала турган Анкарадагы жыйын чыдамсыздык менен күтүлүп жаткан. Жаңы жолугушуу күнүн мүмкүн болушунча тезирээк белгилөө үчүн иштер башталды»,- деп билдирди.
Түркия менен Швециянын ортосунда министрлер деңгээлиндеги Коопсуздук механизминин жыйыны бүгүн Анкарада өтмөк.
Тышкы иштер министри Хакан Фидан жана швециялык кесиптеши Мария Малмер Стенергард жетектей турган жыйынга ички иштер министри Али Йерликая менен Швециянын Юстиция министри Струммер да катышмак.
Биринчи жолу өткөрүлө турган Коопсуздук механизминин жыйыны эки өлкөнүн мекемелеринин ортосунда терроризмге каршы күрөшүү жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жагынан өзгөчө мааниге ээ эле.