Фетхиедеги пляж дүйнө боюнча үчүнчү орунда көрсөтүлдү

"Best places for a beach holiday in october" деген темада "Октябрь айында пляжда эс алуу үчүн эң мыкты жерлер" тизмесин билдирген гезит Түркиядан да Фетхиени тандады.

2188845
Фетхиедеги пляж дүйнө боюнча үчүнчү орунда көрсөтүлдү
fethiye.jpg
fethiye oludeniz.jpg

Мугланын Фетхие району Британиянын The Times гезити тарабынан октябрь айында пляжда эс алуу үчүн дүйнөнүн эң мыкты жерлеринин арасында үчүнчү орунда көрсөтүлдү.

"Best places for a beach holiday in october" деген темада "Октябрь айында пляжда эс алуу үчүн эң мыкты жерлер" тизмесин билдирген гезит Түркиядан да Фетхиени тандады. 

Октябрь айында эс алуу үчүн  11 өлкөнүн эс алуу борборлорун сунуштаган The Timesтын Фетхие тууралуу бөлүгүндө буларга орун берди : "Британиядан Даламан эропортуна түз учуулар менен оңой барууга боло турган Фетхие Түрк Ривьерасынын негизги борборлорунун бири болуп саналат жана үй-бүлөлөр үчүн идеалдуу вариант.  Аймактын карагай токойлору менен капталган тоолорунвелосипед менен кыдыруу, кереметтүү Өлү деңиз плаяжынын жана Көгүлтүр лагунда эс алуу  жана салттуу бир гулет кеме  саякаты менен Көпөлөктөр өрөөнүн көрүү үчүн бир база катары колдонсоңуз болот. Өзгөчө байыркы аска мазарлары менен толгон Ликия жолунун айрым бөлүктөрүндө жүрүшкө чыксаңыз болот."

 

 



Тектеш кабарлар