Түркиядан Газага 20 миң кишилик азык-түлүк кутусу жардамы

Түркиянын Кызыл Жарым Ай коому билдирүү жасады.

2188371
Түркиядан Газага 20 миң кишилик азык-түлүк кутусу жардамы

Түркия Газанын түндүгүндө жайгашкан Хан Юнустагы муктаждарга 20 миң кишилик азык-түлүк кутуларын жеткире баштады.

Түрк Кызылайынын билдирүүсүндө, Израилдин Рафах чек ара бекетин көзөмөлгө алган 6-майдан бери чектелген сандагы гуманитардык жүк ташуучу унаалардын өтүшүнө уруксат берилишинен улам Газанын дээрлик бүткүл калкынын ачкачылык жана өлүм коркунучу астында жашоо үчүн күрөшүп жатканы кабарланды.

Газага гуманитардык жардам жеткирүүдө кыйынчылыктар болгону баса белгиленген билдирүүдө: «Түрк Кызылайы Хан Юнустагы чачыранды конуштардагы муктаж болгондорго кургак азык, май жана тунец балыгы баш болгон тамак-аштардан турган 20 миң кишилик азык-түлүк кутуларын жеткире баштады»,-делди.

Билдирүүдө, жардамдарды Газага жеткирүү процессинде Палестина, Египет жана Иордания Кызыл Жарым Айлары менен координацияда иштеп жаткан Түрк Кызыл Жарым Айы, аймакка кургактык аркылуу гуманитардык жардам жеткирүү үчүн да пландоо иштерин улантканы айтылды.

Түрк Кызыл Жарым Айынын Газада бардык кыйынчылыктарга карабастан улантып жаткан ашкана ишмердүүлүгү менен да ачарчылык шарттарына каршы күрөшкөн гуманитардык кризистин курмандыктарына колдоо көрсөтүп жаткандыгы белгиленген билдирүүдө, кагылыштар башталган 7-октябрдан бери адегенде Рафахта, андан кийин Дейр эль-Балахтагы ашканалары менен кызмат көрсөткөн Кызыл Жарым Ай коомунун, күнүнө 15 миң адамдын ысык тамак муктаждыгын канааттандырып жаткандыгы маалымдалды. 



Тектеш кабарлар