Түркия учкучсуз учуучу аппараты жана куралдуу учкучсуз учуучу аппараттары менен камсыздоочу өлкө
Борбору АКШ болгон мекеме Жаңы Америка Коопсуздук Борбору CNAS аскердик куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар - учкучсуз учуучу аппараттарынын дүйнөлүк рыногу тууралуу отчетун жарыялады.
Түркия акыркы жылдардагы ийгиликтүү иш алып баруусу менен дүйнөнүн эң чоң учкучсуз учуучу аппарат - куралдуу учкучсуз учуучу аппарат менен камсыздоочусу болду.
Борбору АКШ болгон мекеме Жаңы Америка Коопсуздук Борбору CNAS аскердик куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар - учкучсуз учуучу аппараттарынын дүйнөлүк рыногу тууралуу отчетун жарыялады.
Молли Кэмпбелл тарабынан даярдалган отчетко караганда Кытай, Түркия жана Ирандын арзан баадагы аскердик учкучсуз учуучу аппараттарды иштеп чыгышынан кийин Израиль менен АКШнын учкучсуз учуучу аппараттар рыногундагы үстөмдүгү акырына чыкты.
Кытай Түркия жана АКШ 2018 - жылдан бери 40 башка өлкөгө жалпы 69 куралдуу аскердик учкучсуз учуучу аппараттарды сатууну ишке ашырды.
Түркия бул сатуулардын 65 пайызын ишке ашырса, Кытай 26 паызын, АКШ 8 пайызын гана аткара алды.
2022 - жылы 6 жаңы өлкө учкучсуз учуучу аппарат - куарлдуу учкучсуз учуучу аппарат менен камсыздалган, булардын баары Байкар тарабынан өндүрүлгөн Байрактар ТБ2лер болду.
Кытайдын учкучсуз учуучу аппараты - куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарынын сатылышы 2014 - жылы эң жогорку чегине жетип, 2021 - жылы Түркия Кытайдан ашып өтүп, дүйнөнүн эң чоң камсыздоочусу болду.
Отчетко караганда Ливия, Тоолуу Карабах жана Украинадагы согуш аянттарында ийгиликтүү иш алып баруусу жана бул көрсөткүчтүн медиадагы оң чагылышы түрк учкучсуз учуучу аппараттарын эң жогорку чекке жеткирди.
Тектеш кабарлар
"Оруч Рейс" Суэц каналы аркылуу Сомалиге илгерилеп баратат
Министр Байрактар социалдык медиа платформасынан билдирүү бөлүштү.