Сабра, Шатилла курмандыктары эскерилди

Нуман Куртулмуш социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө, Сабра жана Шатилла кыргынын адамзат тарыхындагы кара так катары эстегендерин айтты.

2187803
Сабра, Шатилла курмандыктары эскерилди

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш Ливандын борбор шаары Бейрутта, баскынчы Израиль армиясынын карамагында ашынган оңчул христиан фалангист согушкерлеринин 3 миңден ашуун коргоосуз адамды өлтүргөн Сабра жана Шатилла кыргынында каза болгондорду эскерди.

Куртулмуш социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө, Сабра жана Шатилла кыргынын адамзат тарыхындагы кара так катары эстегендерин айтты.

Куртулмуш: «1982-жылы фалангист бандалар сионисттердин салымы жана колдоосу менен ошол каргашалуу күнү миңдеген бейкүнөө адамдарды өлтүрүштү. Бул мыкаачылыктын артындагылар жоопко тартылган жок. Жоопко тартылбаган ар бир зулум жаңы азаптарга жана кыргындарга жол ачты»,-деди.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы: «Эл аралык укуктук процесстер аймагыбызда адилеттүү тынчтык жана коопсуздукту камсыз кыла турган пайдубалдарды эң кыска мөөнөттө түптөйт деп үмүттөнөм. Сабра жана Шатилланын азабы бүгүнкү күндө Газа, Батыш Шериа жана Палестина аймактарында болуп жаткан адилетсиздиктер менен жаңырууну улантууда. Буга унчукпай тургандар да сөзсүз жооп беришет. Зулумду көрмөксөнгө салгандар бир күнү ошол караңгылыкта адашып каларын тарых бизге кайра-кайра көрсөттү»,-деди.



Тектеш кабарлар